Тажик милициясы баңгизат менен Кыргызстанда кармалды

0
957

Тажикстандан Кыргызстанга, андан ары Казакстанга афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР Ички Иштер Министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңги тобунун бардык мүчөлөрү: баңги топтун уюштуруучусу 1960-жылы туулган Тажикстандын жараны; баңги тобунун мүчөсү 1982-жылы туулган  Тажикстандын жараны жана Тажикстан Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды.

Аныкталган  баңгизатынын көлөмү 33 кгды түзөт.

Учурда баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here